Редакцияот 12.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 12-июну  №11/2

Соң-Көл муниципалдык ишканасынын карамагындагы атайын техникалык тарифтерин бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин кайрылуусун карап, депутаттардын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

  1. Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын карамагындагы жүк жүктѳѳчү атайын техникасынын (погрузчик), экскаватордун жана жүк тартуучу автоунаалардын (мини-ХоВо, Шакман) калкка кѳрсѳтүүдѳгү кызмат акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин:

1)    жүк жүктѳѳчү атайын техникасы (погрузчик) үчүн:

-       жер түздѳѳ, короо-жай жана турак үйлѳрдүн ордун тазалап берүү үчүн  1 саатка 5000 сом, майы ичинде;

-       Кум-шагыл, таштандыларды жана малдын кыгын менчик Камаз автоунаасына жүктѳп берүү 1000 сом, ЗИЛ автоунаасына жүктѳп берүү 700 сом, ГАЗ-53 автоунаасына жүктѳп берүү 500 сом, майы ичинде

2)    эскаватор үчүн:

1)    Таза суунун жана кир суу агып кетүүчү траншеяларды казуу – 1 метр узундуктагы жер үчүн 250 сом, майы ичинде;

2)    Септиктин аңын казуу үчүн –2000 сом, майы ичинде;

3)    мини-ХоВо автоунаасы үчүн:

1)    Кум-шагыл, малдын кыгын жана таштанды ташып берүү – 1 рейс үчүн 1500 сом, майы ичинде;

Эскертүү: жүктѳлгѳн жүктү ташып жеткирип берүүдѳ аралыктын алыс жакындыгына жараша баасы ѳзгѳрүшү мүмкүн.

4)    Шакман автоунаасы үчүн:

1)    Кум-шагыл, малдын кыгын жана таштанды ташып берүү – 1 рейс үчүн 3000 сом, майы ичинде;

Эскертүү: жүктѳлгѳн жүктү ташып жеткирип берүүдѳ аралыктын алыс жакындыгына жараша баасы ѳзгѳрүшү мүмкүн.

  1. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагыКуйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Мамбетжановго милдеттендирилсин.

Төрага

М. Акматалиева