КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-сентябры №27
«Короо сарай куруу үчүн» категориясына башка жерлер категория (курулуш алдындагы) жерлерге которуу боюнча
Калба айылдык аймактык Кенешинин 8-чакырылышынын 3 сессиясы
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» Мыйзамы бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» Убактылуу жобону жана Кыргыз РеспубликасынынЖеркодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Калба айыл аймактык Кенеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен токтом кылат:
1.Калба айыл аймагына административдик чегиндеги «Негизги» Калбаайылынын Кара Дөбө 2 участогунун №374 чойро сызыгындагы жалпы аянты 0,20га жер участогун «Запастагы жерлер» категориясынын жайыт жерлер түрүнөн «Короо сарай куру үчүн»категориясына башка жерлер категория (Курулуш алдындагы) жерлерге которууга (трансформациялоо) уруксат берилсин.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына же жерлерди башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Уметалиевге жүктөлсүн.
3. Жогорудагы аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарын толуктоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага милдеттендирилсин.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |