Редакцияот 12.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 12-июну  №11/3

Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшкөн акча каражатын беренелерге бөлүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын   34-беренесин жетекчиликке алып, республикалык бюджеттен айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкѳн 5654100 сом акча каражатын беренеге олтургузуу боюнча Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

1.Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшкѳн 5654100 сом акча каражаты тѳмѳндѳгү беренеге олтургузулсун:

     22154900 беренеси боюнча – Айыл аймагындагы айылдардын ген.планын  жасатуу үчүн – 5654100 сом.

 

Жалпы: 5654100 сом

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

Төрага

М. Акматалиева