Редакцияот 12.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 12-июну  №11/5

Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн карамагындагы “Балалык уясы” бала бакчасынын бюджетиндеги спец. счетго кошумча план суроо жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын  34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн “Балалык уясы” бала бакчасынын бюджетиндеги спец. счетко кошумча план суроо максатында, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

1.“Балалык уясы” бала бакчасынын ата-энелерден ар бир бала үчүн тѳгүлѳ турган               87,8 миң сом акча каражаты кошумча план болуп суралсын;

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

Төрага

М. Акматалиева