Редакцияот 06.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 12-июну  №11/6

Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы жайыт маселелелери боюнча тарифтерди бекитүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын  34-беренесин жетекчиликке алып, айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Мамбетжановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.              Куйручук-Кызарт айыл аймагыдагы жайыт маселелери боюнча тѳмѳндѳгүдѳй тарифтер бекитилсин:

-       туризм тармагында иш алып барган жеке ишкерлер тиккен ар бир боз үй үчүн – 4000 сом, бир сезонго (ашкана үчүн тигилген боз үйлѳргѳ алынбайт);

-       Ичке-Кызарт жайлоосунда соода-сатык менен алектенгендердин ар бир боз үйү жана вагондору үчүн – 2000 сом, бир сезонго

-       жайыт жерлерге боз үйлѳрдү сактоого коюлган контейнерлер үчүн чоң кичинесине жараша 4000 сомдон, 6000 сомго чейин, бир жылга;

-       коюлган темирден жана жыгачтан жасалган чакан үйлѳргѳ (домпалатка) – 2000 сом бир сезонго

-       кой-эчкилер үчүн – 20 сом, 1 жылга (тѳлүнѳ алынбайт)

-       бодо малдарга (жылкы, уй) – 100 сом, 1 жылга (тѳлүнѳ алынбайт)

-       топозго – 300 сом, 1 жылга

 

2. Куйручук-Кызарт айыл аймагынан сырткары аймактарда факт жүзүндѳ жашап, малын алып келип бактырса, алардын малдары үчүн 2 эсе жогорулатылган тарифтер менен эсептелинсин;  

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Мамбетжановго, жайыт боюнча инспекторлорго (К.Чокоев, Жайлообек уулу Чыныбек) тапшырылсын;

 

4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

Төрага

М. Акматалиева