Редакцияот 20.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

VIII-чакырылыш Кезексиз сессия

 

2022-жылдын 20-июлундагы № 23/VIII–1

 

 

Орто айыл өкмөтүнүн Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жерлерин,

жайыттан башка багытка ижарага берүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 61-беренесинин негизинде, Орто айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Кошалиевдин 20.07.2022-жылдагы №2 катына ылайык, Орто айылдык Кеӊеши

 

Токтом кылат:

 

1. Орто айыл өкмөтүнүн Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жерлери, жайыттан башка багытта ижарага 1 гектары 42000 (кырк эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Орто айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Кошалиев жайыт пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

 

 

 

Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы:

 

К.Мырзагелдиев