ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш Кезексиз сессия
2021-жылдын 12-октябрындагы № 11/VIII–3
“Алтын Жар” ЖЧК коомунун кайрылуу катын кароо жөнүндө
“Алтын Жар” ЖЧК коомунун 2021-жылдын 24-сентябрь айындагы №24/09/21-2 “Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуу катын карап, 2021-жылдын 26-август айында берилген №6951 АЕ казуу иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна берилген Лицензиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. “Алтын Жар” ЖЧК коомунун 2021-жылдын 24-сентябрь айындагы №24/09/21-1 “Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуусу канааттандырылсын.
2. “Алтын Жар” ЖЧК Суусамыр өрөөнүндөгү Токойлу Түндүк-Балыкты аянтынан 87,8 (сексен жети,8) га жер тилкеси убактылуу пайдаланууга, 2026-жылдын 31-декабрь айына чейин берилсин.
3. “Алтын Жар” ЖЧК коому айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун мыйзамда белгиленген тартипте толтурууга милдеттендирилсин.
4. Алтын кенин казууда жер кыртыштары бузулбоо керек жана иштин аягында рекультивация иштери жүргүзүлсүн, жергиликтүү калкка экологиялык зыяны тийбесин.
5. “Алтын Жар” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковко жүктөлсүн.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |