Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 19-сентябры №34/1

Балбал айылына кичи футбол аянтчасын куруу долбоору жөнүндө

Калба айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиялык планында көрсөтүлгөн иш-чарага ылайык Балбал айылынын кичи футбол аянтчасын куруу долбоору жөнүндө маалыматты угуп жана Балбал айылынын жалпы эл менен болгон чогулушунун протоколунун негиз кылып Калба айыл аймактык кеңеши токтом кылат:

 

 

1.  Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылануучу Балбал айылына кичи футбол аянтчасын куруу долборуу жактырылсын.

 

2.  2024-жылга карата Балбал айылына кичи футбол аянтчасын куруу долбоорунун жалпы суммасы 3450000сом Калба айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн өздү салымдын суммасы 517500сом деп белгиленип, айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Сатыбек уулу Максат