Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-ноябры №39

«Короо сарай куруу үчүн» категориясына башка жерлер категория (курулуш алдындагы) жерлерге которуу боюнча

Калба айылдык аймактык Кенешинин 8-чакырылышынын 5-сессиясы

 

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» Мыйзамы бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» Убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Калба айыл аймактык кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен токтом кылат:

 

1.Калба айыл аймагына административдик чегиндеги «Негизги» Калба айылына караштуу участогунун №146 чөйрө сызыгындагы жалпы аянты 0,10га жер участогун «Запастагы жерлер» категориясынын жайыт жерлер түрүнөн «Короо сарай куру үчүн» категориясына башка жерлер категория (Курулуш алдындагы) жерлерге которууга (трансформациялоо) уруксат берилсин.

2. Жерлерди бир категориядан башкасына же жерлерди башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Уметалиевге жүктөлсүн.

3. Жогорудагы аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелуу корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарын толуктоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Сатыбек уулу Максат