КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-ноябры №42
Калба айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын 5-сессиясы
Күн тартибиндеги Калба айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 5-сессиянын протоколунун негизинде Калба айыл аймагынын М.Козубекова атындагы орто мектебине кружок өтүү жана окуучулардын маданий деңгээлин көтөрүү максатында музыкалык аспаптар жетишсиз болгондугуна байланыштуу маселени карап чыгып, Калба айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калба айыл аймагына караштуу М.Козубекова атындагы орто мектебине кружок өтүү жана окуучулардын маданий деңгээлин көтөрүү максатында музыкалык аспаптар жетишсиздиги үчүн сметасы түзүлүп, проектиси өткөрүлсүн.
2. Жогорууда көрсөтүлгөн долбоорго керектелүүчү акча каражаты Талас райондук “Өнүүгү” фондунан суралсын.
3. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысына жуктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |