Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 29-ноябры №45

Калба айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын 4-сессиясы

 

 

Күн тартибиндеги Калба айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 4-сессиянын протоколунун негизинде Калба айыл аймагынын Бал-бал орто мектебинин класстарын заманбап үлгүдөгү материалдык техникалык базасын чындоо үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча маселени карап чыгып, Калба айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Калба айыл аймагына караштуу Бал-бал орто мектебинин класстарын заманбап үлгүдөгү материалдык техникалык базасын чындоо үчүн заманбап жабдуулар алуу боюнча сметасы түзүлүп, проектиси өткөрүлсүн.

 

2. Жогорууда көрсөтүлгөн долбоорго керектелүүчү акча каражаты Талас райондук “Өнүүгү” фондунан суралсын.

 

3. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Сатыбек уулу Максат