КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-ноябры №46
Калба айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын 4-сессиясы
Күн тартибиндеги Калба айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 4-сессиянын протоколунун негизинде Калба аймагынын Калба орто мектебинин класстарынын заманбап үлгүдөгү материалдык техникалык базасын чындоо үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча маселени карап чыгып, Калба айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калба айыл аймагына караштуу Калба орто мектебинин класстарын заманбап үлгүдөгү материалдык техникалык базасын чындоо үчүн заманбап жабдууларды алуу боюнча сметасы түзүлүп, проектиси өткөрүлсүн.
2. Жогорууда көрсөтүлгөн долбоорго керектелүүчү акча каражаты Талас райондук “Өнүүгү” фондунан суралсын.
3. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысына жуктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |