Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 29-ноябры №47/1

 

Калба айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө участкасында курулуп жаткан “Чолок” каналынын курулуш иштерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Калба айыл аймактык кеңешинин 2023-жылдын 8-чакырылышынын 5-сессиясынын протоколунун негизинде токтом кылат:

 

 

1. Калба айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө участкасында курулуп жаткан “Чолок” каналынын курулуш иштерине элдик протоколдун негизинде түзүлгөн сметада көрсөтүлгөн суммадан чыкпай, кошумча суу арыгы кирген арыктан баштап узундугу кыскартылып туурасына кеңейтилсин.

 

2. “Чолок” каналынын тех надзору Дүйшөбаев К.А.менен Өнүгүү фонду менен биргеликте иш алып барылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы З.Төлөевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Сатыбек уулу Максат