Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-ноябры № 708
Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясынын IV бөлүмүнүн 17-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |