Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 28-апрели № 22/7

 

Ала-Бука айылындагы “Жеңиш” паркынын иштешин камсыз кылуу,  бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 10-пунктуна ылайык “Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишкананын жетекчиси Э.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 27-апрелиндеги отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы токтом кылат:

 

   1. “Жеңиш” паркындагы муниципалдык жерлер жарандарга Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык ижарага  берүүгө макулдук берилсин.

2. Ижарага берилүүчү жер аянттарынын ижара акысынын баштапкы баасы  “Ала-Бука Тазаык” миниципалдык ишканасынын жетекчиси тарабынан сунушталган тариф боюнча белгиленип, ал тариф бекитилсин (тариф тиркелет).

3.Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык ижарага берилүүчү жер аянттарынын  иш-кагаздарын даярдоо, “Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине тапшырылсын.

4.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кенешинин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы менен агрардык маселелер, СПА, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана  ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн  жетекчилигине жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                                        А.Саттаров