Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын XVIII кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 26-августу  №18/4

       Жан –Булак айыл аймагына караштуу “Кызыл-Бел” , Кара Секи участкасынан  кызыл  топурак , кызыл шагыл алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү жана тарифин бекитүү жөнүндө

 

            Жан –Булак айыл аймагына караштуу “Кызыл-Бел” , Кара секи участкасынан  кызыл топурак ,  кызыл шагыл алуу үчүн карьер ачуу  жана тарифин бекитүү боюнча “Эделвейс ” муниципалдык ишканасынын жетекчисиснин билдирүүсүн угуп жана талкуулап   Жан-Булак  айылдык кещешинин XXVIII чакырылышынын ХVIII  кезектүү  сессиясы  токтом кылат: 

 

  1.   Жан-Булак  айыл аймагынын “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин кайрылуулары  канааттандырылып    Жан-Булак айыл  айыл аймагынан Кызыл-Бел  участкасынан кызыл топурак  ,  Кара секи  участкасынан  кызыл шагыл алуу үчүн карьер ачууга  уруксат берилсин.

2.   Жан-Булак   айыл тургундарына курулуш материал катары топурак алуу үчүн    Жан-Булак  айылынын Кызыл-Бел  участкасынан кызыл топурак алууга  № 2690 контурундагы 0,30га жер аянты , Кара секи   участкасынан кызыл шагыл алуу үчүн  №757   контурундагы 0,30 га жер аянты   бөлүнүп берилсин.

3. Жан-Булак айыл аймагындагы «Кызыл -Бел  » участкасындагы № 2690 контурундагы 0,30га , «Кара -Секи »участкасындагы  № 757 контурундагы 0,30 га жайыт «айыл чарба багытындагы жерлер »категориясынан      Өнөр    жай  категориясына которууга макулдук  берилсин.

4.   Жан –Булак айыл аймагына караштуу “Кызыл-Бел” , Кара Секи участкасынан  карьерлерден кызыл  топурак , кызыл шагыл алуу  1м.куб  га болгон тарифи  60 сом ɵлчɵмүндɵ  бекитилсин

  1.    Бөлүнүп берилген жер аянтына талаптарды так сактоо менен иш жүргүзүү жагы Жан-Булак  айыл аймагындагы “Эделвейс ” муниципалдык ишкаасынын жетекчиси  Э.Мамбеткуловго тапшырылсын.

5.   Бул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 Төрага

 

Б. Ормокеев