Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 5-октябры № 26/2

 

Айыл чарба жерлерине инвентаризация иштерин жүргүзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXVI-сессиясы токтом кылат:

1. Ала-Бука  айыл аймагына караштуу бардык айыл чарба жерлерине (Мамлекеттик фонддун жерлери, жайыт жерлер, дыйкан чарба жана жеке чарба жерлери, муниципалдык жерлер) инвентаризация иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.

 2. Инвентаризация иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн жана жер картасын тактоо, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрилигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.

3. Токтомду  Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына     жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын. 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы   

 А.Умаров