АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-октябры № 27/1
Ала-Бука районунун административдик-аймактык реформасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгына, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Чаргынбаевдин чыгыш №02-02/2473, 02.10.2023-жылдагы сунушуна жана 11.10.2023-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколунун сунушуна ылайык Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл аймагын, Өрүктү айыл аймагын, Ала-Бука айыл аймагы
менен ирилештирип, административдик борбору Ала-Бука айылы жана Ала-Бука айыл аймагы деп атоого макулдук берилсин.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |