Редакцияот 07.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын

 кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 7-августу № 28-135

 

Үч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө

          Үч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү маселесин кезексиз сессияда айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ормонов Макулбек элге кылган кызматтарын баалап Үч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына татыктуу деп табылсын.

2. “Ардактуу атуулу” наамынын төш белгисин жана лентасын жасатуу боюнча Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы А.Акимбаевге жүктөлсүн. 

3. Токтомдун аткарылышын Социалдык- маселелер , жаштар , спорт, маданият жана массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссия төрагасы Жанузаков Жолдошбекке милдеттендирилсин.

Төрага

 

А. Жакыпбеков