Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын XVIII кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 26-августу  №18/7

 

«ТЭЭКтин оозу  » участкасындагы 30.0  га жер аянтын которуу       (трансформациялоо ) жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо  жөнүндө » №145 Мыйзамына  жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн   19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо ) жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык ,Жан-Булак айылдык кенешинин ХVIII кезектүү  сессиясы токтом кылат :

1.         Жан-Булак айыл аймагындагы «ТЭЭКтин оозу   » участкасындагы  № 748, №749 контурундагы 30,0 га жайыт «айыл чарба багытындагы жерлер » категориясынан Өнөр жай ,траспорт ,байланыш  ,коргоо жана башка категориясына которууга макулдук берилсин.

2.         Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Боскунчиевге милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ,  jan-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармасына жөнөтүлсүн .

 

 Төрага

 

Б. Ормокеев