КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 8
Айыл аймагына ыңгайлуу жерден таштанды таштоочу жай курууга жер участок бөлүп берүү жөнүндө
Айыл аймагынын жашоочуларынын эң зарыл болуп келген жарандардын бир нече кайрылууларын эске алуу менен Кызыл-Тоо айлынын Сасык участкасынын айыл чарбасына пайдаланбаган ыңгайсыз жерден карап таштанды таштоого жер участок бөлүп берүү максатында Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7 шайланган 15 сессиясы токтом кылат:
1.Кызыл-Тоо айлындагы Сасык участкасынан таштанды таштоого жер участогу бөлүнүп берилсин.
2.Мыйзамдуу түрдө жер ажыратуу жагы жана документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Мурзакматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кенештин төрагасы |
| Т. Темиралиев |