Редакцияот 12.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35-отуруму

 

 

2023-жылдын 12-сентябрындагы № 35

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылынын тургуну Абдаким уулу Далилмырзанын кайрылуусун кароо жөнүндө

 

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылынын тургуну Абдаким уулу Далилмырзанын кайрылуусунун негизинде тиешелүү иш кагаздарын карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна жана 49-беренесинин 1-6-пунктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алайайыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылынын тургуну Абдаким уулу Далилмырзага К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылынын ГЭС участкасынын калктуу конушунун чегинде жайгашкан муниципалдык менчикте турган 1200,00 чарчы метр жер аянты үй курууга чектелип берилсин.

2. Тиешелүү юридикалык документтерин Абдаким уулу Далилмырзанын наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.       

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай

Айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев