КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 9
Айыл аймагына калктын суроо талабына ылайык санитардык абалдарды сактоо үчүн яма беккер куруу жөнүндө
Айыл аймагынагы эң көйгөйлүү жана калктын көптөн берки чечилбей келе жаткан маселеси ямма беккер куруу болуп келген. Бүгүнкү күндө Кызыл-Тооайлынын Сасык участкасынан айыл чарбасына пайдаланлбаган ыңгайсыз жерден муниципалдык бош турган жерден жер участок бөлүп берүү максатында Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7 шайланган 15 сессиясы токтом кылат:
1.Кызыл-Тоо айлындагы Сасык участкасынан айыл чарбасына ыңгайсыз жерден ямма беккер курууга жер участогу бөлүнүп берилсин.
2.Мыйзамдуу түрдө жер ажыратуу жагы жана документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Мурзакматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кенештин төрагасы |
| Т. Темиралиев |