Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 5-октябры № 20-9-1

 

“Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Майлуу-Суу жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө”

 

 

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.08.2023-жылындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ № 215 Жарлыгы менен бекитилген “ Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобого, Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына” ылайык, Майлуу-Суу жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын  XX кезексиз сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10-00 дө шаардык Маданият үйүндө өткөрүү белгиленип чакырылсын. 

2.Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча  комиссиясы № 1 тиркемеге ылайык, жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси  № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери жана өткөрүү графиги № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана аппарат жетекчисине тапшырылсын.

6. Ушул токтом катталсын  жана Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеӊештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Шаардык Кеңештин төрагасы

   Н.Бостонов

 

                                                                                                                                     №1-Тиркеме

Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин

2023-жылдын 5-октябрындагы

№ 20-9-1 токтомуна

 

 

Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча  комиссиянын курамы

 

  1. Бостонов Н.А.- шаардык кеңештин төрагасы, комиссиянын төрагасы;
  2. Мамасалиев А.Э.- шаардык кеңештин аппарат жетекчиси, комиссиянын катчысы;

 

мүчөлөрү:

 

  1. Масиров З.К.- шаардык кеңештин депутаты;
  2. Токтогулов Д.А.- шаардык кеңештин депутаты;
  3. Сарбашева Г.Т. - шаардык кеңештин депутаты;
  4. Камчибеков М.М.- шаардык кеңештин депутаты;
  5. Султанбаев Р.Т.- мэриянын аппарат жетекчиси;
  6. Сагындыков К.Т.- Сары-Бээ АБ нын жетекчиси;
  7. Алымбеков А. - Көк-Таш АБ нын жетекчиси;
  8. Каримова А.С.- “Бедре-Сай” Аймактык коомдук өз алдынча

                            башкаруусунун (ТОС) төрайымы;

  1. Нурмаматова С.А.- “Кашка-терек” Аймактык коомдук өз алдынча

                             башкаруусунун (ТОС) төрайымы;

        

 

 

 

Шаардык  Кеңештин төрагасы                                  Н.Бостонов

                                                                                                                                     №2-Тиркеме

Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин

2023-жылдын 5-октябрындагы

№ 20-9-1 токтомуна

 

 

Өкүлчүлүктү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси 

 

п/н

Аймактык башкармалыктардын жана коомдук өз алдынча башкаруулардын аталышы

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын А.А.А.

Эскертме

1

Көк-таш АБ

Масиров З.К.

Асанов У.Э.

 

2

Бедре-Сай АКӨБ (ТОС)

Токтогулов Д.А.

Канаев Н.М.

 

3

Сары-Бээ АБ

Кебекбаев А.Р.

Камчибеков М.М.

 

4

Кашка-Терек АКӨБ (ТОС)

Сарбашева Г.Т.

Кучурбаева С.Ж.

 

 

 

 

            Шаардык Кеңештин төрагасы                              Н.Бостонов

 

 

                                                                                                                                      №3-Тиркеме

Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин

2023-жылдын 5-октябрындагы

№ 20-9-1 токтомуна

 

 

 

Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны