Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

    МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 5-октябры № 20-9-2

Майлуу-Суу шаарынын 2023-жылдын 9-айынын бюджетин тактоо жөнүндө

 

 

           Майлуу-Суу шаарынын бюджетинин 9 айынын киреше бөлүгүн аткарылышы жөнүндө шаардык мэриянын маалыматын жана  шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин  ІⅩ чакырылышынын ⅩⅩ  кезексиз сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Майлуу-Суу шаарынын 2023-жылдын 9 айынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына тактоо 4614,0 миң сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Майлуу-Суу шаарынын 2023-жылдын 9 айынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планына тактоо 545,3 миң сом өлчөмүндө № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:

1) Мэрияга 131,5 миң сом анын ичинде:

-        жаштар борборунун байланышка болгон карызын төлөөгө            - 41,5 миң сом,

-        жыл жыйынтыгы менен сыйлоо баракчаларын даярдоого              - 30,0 миң сом,

-        жаңы 1-комплект компьютер принтери менен сатып алууга         – 60,0 миң сом;

2)    ШБББ 413,8 миң сом анын ичинде:

-        № 8 бала-бакча “Акылай” жылытуу системасын оңдоого          – 29.7 миң сом,

-        № 1 бала-бакча “Эдельвейс”  жылытуу системасын оңдоого       – 150.0 миң сом,

-        № 4 бала-бакча “Гнездышко” муздак суу системасын оңдоого    – 69.7 миң сом;

-        № 5 бала-бакча “Рахат” жаңы дарбаса жасатып алууга                 –  37.3 миң сом;

                электр эсептегич сатып алууга                –   17.7 миң сом;

-        № 7 орто мектебинин чатырын оңдоого                                          –  96.8 миң сом;

-        № 3 орто мектебине спорттук инвентарь сатып алууга                 –  12.6  миң сом;       

3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына   жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.

4. Ушул токтом  катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

  

Шаардык Кеңештин төрагасы

   Н.Бостонов