Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын XVIII кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 26-августу  №18/9

  Жан-Булак  айылынын калкы үчүн суу керектөөнүн нормаларын  таза суу пайдаланууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө

        

         Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» №320 токтому  жана «Эделвейс » муниципалдык ишканасынын билдирүүсүн угуп чыгып жана талкуулап, Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVIII  кезектүү сессиясы  токтом кылат :

 

  1. Жан-Булак  айылында суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү программасы жана санитария үчүн суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумуна туташтырылган канализациясы жок, үйүндө суу түтүгү бар 1 тургунга суткасына суу керектөөнүн нормасы 100л өлчөмүндө жана абонеттердин таза  суу пайдаланууга болгон экономиикалык негизделген тарифи 1м.куб га болгон тарифи 30 (отуз ) сом / м,куб ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://jan-bulak.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы «Эделвейс » муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Мамбеткуловго  тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵт башчысы У.Боскунчиевге тапшырылсын.

 Төрага

 

Б. Ормокеев