МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 20-9-3
Майлуу-Суу шаардык стадиондун айланасынан 2 625 м2 жер тилкесин, Кыргыз футбол союзунун балансына 5 (беш) жылга оперативдүү пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 24.08.2023-ж. № 01-05/538 кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IⅩ чакырылышынын ⅩⅩ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, шаардык стадиондун айланасынан 2 625 м2 жер тилкесин, Кыргыз футбол союзунун балансына 5 (беш) жылга оперативдүү пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы
| Н.Бостонов |