Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын XVIII кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 26-августу  №18/10

Жан-Булак айыл аймагындагы  Ат-Башы гидроэлектростанциясына алып баруучу өткөөл жол жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын  2002-жылдын 15-мартындагы "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө"  №37 мыйзамынын 3-бɵлүгүнүн   10-жана 11-беренелерине  ылайык          Ат-Башы гидроэлектростанциясына (ГЭС) баруучу жол  боюнча  айылдык кенештин тɵрагасынын  билдирүүсүн угуп чыгып жана талкуулап,  Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVIII  кезектүү сессиясы  токтом кылат :

1. Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылындагы  Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн балансында турган Ат-Башы гидроэлектрстанциясы(ГЭС) баруучу жолду  пайдаланууну Ат-Башы гидроэлектрстанциясы  гана жүргүзгɵндүктɵн  , Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн балансасынан чыгарылып,  Ат-Башы гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) мекемесинин  балансасына ɵткɵрүп берүү актысына ылайык ɵткɵрүп берилсин

      2.  Ат-Башы гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) мекемесинин  балансасына ɵткɵрүп алуу боюнча иешелүү документтерди даярдоо жагы    Ат- Башы гидроэлектрстанциясынын (ГЭС)  мекемесинин жетекчисине тапшырылсын.

     3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак  айыл аймагынын жер адиси А.Жолдошбековго  милдеттендирилсин.

 

     4 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак  айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевге  тапшырылсын.

 Төрага

 

Б. Ормокеев