МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 20-9-5
Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ АБнын Көгөй, Сары-Бээ жана Кара-Жыгач айылдарына жаш өспүрүм балдар ойноочу аянтчаларын курууга, Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында гранттын эсебинен долбоорду ишке ашырууда, жергиликтүү бюджеттен өздүк салымын каржылоо үчүн 264 000 (эки жүз алтымыш төрт миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 29.09.2023-жылындагы № 01-14-505 сандуу кайрылуу катын, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІⅩ чакырылышынын ⅩⅩ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэринин биринчи орун басары Н.А.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгына, Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында гранттын эсебинен долбоорду ишке ашырууда, Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Көгөй, Сары-Бээ жана Кара-Жыгач айылдарына жаш өспүрүм балдар ойной турган аянтчаларын куруу долбоорунун 20% өздүк салымына 264 000 (эки жүз алтымыш төрт миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н.Бостонов |