Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

 

2024-жылдын 16-январы № 13

 

Айылдык Кенештин депутатын ардак грамата менен сыйлоо жөнүндө

 

Айылдык Кенештин депутаты Абдыразак уулу Жанышты жаштар арасында кадр баркы бар, үзүрлүү эл үчүн иштеп келе жаткандыгын эске алуу максатында Айылдык Кеңештин 7 чакырылыш 15 сессиясы токтом кылат:

 

1.Кызыл-Тоо айылдык Кеңештин депутаты Абдыразак ууулу Жанышты жаштар арасында активдүү жана уюуштургуч , коомдук жумуштарда активдүүлүгүн эске алып Айылдык Кеңештин “Ардак граматасы”менен сыйлансын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык  

Кенештин төрагасы

 

Т. Темиралиев