ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш Кезексиз сессия
2024-жылдын 23-январындагы № 84/VIII–2
“Жер участогун которуу (трансформация) жөнүндө”
Орто айыл аймагынын №1754 контурундагы, жалпы аянты 2,2 гектарды түзгөн жер тилкесинин категориясын которуштурууга кароо үчүн берилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Панфилов филиалынын 2023-жылдын 12-январь айындагы № 707-2023-152 корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 13 жана 14 пункттарын жетекчиликке алып Орто айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто айыл аймагынын № 1754 контурундагы, жалпы аянты 1,0 га жер тилкеси айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын жайыт жерлер түрүнөн көп жылдык өсүмдүктөр (башкача айтканда алма-бак отургузганга) түрүнө которулушуна макулдук берет.
2. Кабыл алынган токтом Орто айыл өкмөтү тарабынан эске алынсын.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары: |
|
Б.Тукуева |