Редакцияот 23.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

VIII-чакырылыш Кезексиз сессия

 

2024-жылдын 23-январындагы № 83/VIII–1

 

“Жер участогун которуу (трансформация) жөнүндө”

 

Орто айыл аймагынын №503 контурундагы, жалпы аянты 0,25 гектарды түзгөн жер тилкесинин категориясын которуштурууга кароо үчүн берилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Панфилов филиалынын 2023-жылдын 16-февраль айындагы № 707-2023-639 корутундусун жана Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 16-ноябрындагы иштелип чыккан №557 жер участогунун планын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 13 жана 14 пункттарын жетекчиликке алып Орто айыл өкмөтү

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орто айыл аймагынын № 503 контурундагы, жалпы аянты 0,25 га жер тилкеси айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын жайыт жерлер түрүнөн айыл чарба эмес түрүнө (курулуш алдындагы жерлер) которулушуна макулдук берет.

 

2. Кабыл алынган токтом Орто айыл өкмөтү тарабынан эске алынсын.

 

 

Орто айылдык Кеӊешинин

төрагасынын орун басары:  

 

 

Б.Тукуева