ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш X-сессия
2023-жылдын 11-мартындагы № 52/VIII–X–2
«Турак жай салганга жерлерди берүү нормалары жөнүндө»
Панфилов районунун, Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Ж.Момуналиевдин 2023-жылдын 11-мартындагы “Орто айыл аймагында жайгашкан айылдарда турак жай салганга жерлердин нормаларын бекитип берүү жөнүндө” оозеки кайрылуусун карап, СССРдин ГОСКОМАРХИТЕКТУРАсы тарабынан 1990-жылы иштелип чыккан Тельман, Букара жана Кум-Арык айылдарынын генералдык планын эске алып, айылдардын жаңыртылып иштелип жаткан генералдык пландарын макулдашуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 06-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомунун 5-пунктун аткаруу үчүн, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Момуналиевдин 2023-жылдын 11-мартындагы “Орто айыл аймагында жайгашкан айылдарда турак жай салганга жерлердин нормаларын бекитип берүү жөнүндө” оозеки кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Тельман, Букара жана Кум-Арык айылдарындагы жеке менчикке, турак жай салганга бериле турган жерлердин нормалары 1500,0 чарчы метрден болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Момуналиевке жүктөлсүн.
Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| К.Мырзагелдиев |