Редакцияот 23.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

VIII-чакырылыш IX-сессия

 

2023-жылдын 23-январындагы № 46/VIII–IX–2

 

«Жаран Жумалиева Бубукандын арызын кароо боюнча»

 

Чүй облусунун, Панфилов районунун, Букара айылынын, Э.Исаев көчөсүнүн №10 үйүнүн жашоочусу Жумалиева Бубукандын 2023-жылдын 16-январь айындагы “Дыйкан чарба мүчөлөрүнө тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонулуп жаткан 0,8 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын №34 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык Кеӊеши

 

Токтом кылат:

 

1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Букара айылынын, Э.Исаев көчөсүнүн №10 үйүнүн жашоочусу Жумалиева Бубукандын 2023-жылдын 16-январь айындагы “Дыйкан чарба мүчөлөрүнө тиешелүү, мурдатан кайрак жердин ордуна колдонулуп жаткан 0,8 гектар айдоо сугат үлүш жерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.

2. Жарандар: Жумалиев Акылбек жана Жумалиева Бубукан мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы кайрак жердин ордуна берилген 0,8 гектар сугат үлүш жер тилкелери жеке менчикке бекитилип берилсин.

3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Жумалиев Акылбекке жана Жумалиева Бубуканга жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 0,8 гектар сугат үлүш жер тилкелерине тиешелүү токтом чыгарылсын.

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Момуналиевке жүктөлсүн.

 

 

Орто айылдык Кеӊешинин төрагасы:

 

К.Мырзагелдиев