Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын XVIII кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 26-августу  №18/11

Жан-Булак айыл аймагында “Жан-Булак айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө

 

            Жан-Булак айыл аймагында “Жан-Булак айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жɵнүндɵ Жан-Булак айыл ɵкмɵт башчысы У.Боскунчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Жан-Булак айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X VIII сессиясы токтом кылат:

 

1.    Депутаттардын экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш боюнча комиссиянын иштеп чыккан “Жан-Булак айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосу алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (жобо тиркелет)

 

2.    Туруктуу комиссияга кабыл алынган Жобого ылайык иш алып баруу тапшырылсын.

 Төрага

 

Б. Ормокеев