Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясынын
2023-жылдын 16-марты № 20-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жин-Жиген бөлүмүнөн ОсОО “Даян Строй” ишканасына 1,0 га жер аянтына таш майдалоочу цех (дробилка) курууга жана 4,0 га жер аянтына таш, шагал алуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жин-Жиген бөлүмүнөн ОсОО “Даян Строй” ишканасына 1,0 га жер аянтына таш майдалоочу цех (дробилка) курууга жана 4,0 га жер аянтына таш, шагал алуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 беренелерине таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жин-Жиген бөлүмүнөн ОсОО “Даян Строй” ишканасына 1,0 га жер аянтына таш майдалоочу цех (дробилка) курууга жана 4,0 га жер аянтына таш, шагал алуу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Эгер 3 жыл ичинде таш майдалоочу завод (дробилка) курулбаса токтом жокко чыгарылат.
3. Токтомду аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү, өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Ажибаев |