КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылыштагы 15-сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 16
2024-жылдын 1-январына калган калдыкты бекитүү жөнүндө
Кызылтоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата калган 1476,6мин сом калдыкты (свободный остаток) жана атайын каражаттан калган 240,0мин сом калдыкты бекитүү маселеси айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарынын негизинде карап чыгып, талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө боди камера жана планшет сатып алуу үчүн аппарат бөлүмүнүн 3112-беренесине 156,5миң сом, Беккаря курууга, таштанды таштоочу жай курууга жана Карой участкасына электр мамычаларды алууга ЖКХ бөлүмүнүн 3111-беренесине 750,0мин сом, Кызылтоо мектебини спорт залын кезектеги ондоо иштерине жана ысык тамак уюштуруу үчүн өздүк салымга орто мектептер бөлүмүнүн 2221-беренесине 100,0мин сом, 2215-беренесине 100,0мин сом, Кызыл-Тоо жана М.Ибраимов орто мектептерине видео көзөмөл орнотуу үчүн 3112-беренеге 130,1миң сом, Эркин-Тоо бала бакчасыны айланасын тосмолоого бала бакча бөлүмүнүн 2221-беренесине 240,0мин сом, атайын каражаттан бала бакча бөлүмүнүн 2215-беренесине 240,0миң сомго өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бюджеттин акча каражатынын өзгөртүү жөнүндөгү эсебин тактоо айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Кадыровго милдеттендирилсин.
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин төрагасы |
| Т. Темиралиев |