КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 7- чакырылышынын 15-сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 24
Кызыл-Тоо айлындагы жаңы түшкөн көчөгө шагыл төгүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айлындагы жаңы түшкөн Т.Исмаилов көчөсүндөгү жашоочулардын кайрылууларын карап, көчөнүн оор абалда экенин эске алып. угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7 шайланган 15 сессиясы токтом кылат:
1.Кызыл-Тоо айлындагы жаңы түшкөн Т.Исмаилов көчөсүнө шагыл төгүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 150.0миң сом каражат бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кенештин төрагасы |
| Т. Темиралиев |