Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 2-сентябры № 466
"Ак-Кула" атмайданынын имаратынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстелик статусун жоготту деп таануу жөнүндө, ошондой эле аны бузуу жана атмайдандын жаңы комплексин куруу тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы N 714 токтомунун редакцясына ылайык)
Ат спортун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 36-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун 2019-жылдын 29-ноябрындагы Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан "Ак-Кула" атмайданынын имаратынын техникалык абалын изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча түзүлгөн техникалык корутундусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ведомстволор аралык комиссиясынын 2020-жылдын 3-мартындагы корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде:
- 31-пункту "Архитектура" деген сөздөн кийин "(жоготту)" деген сөз менен толукталсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) андан ары эксплуатациялоого мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан "Ак-Кула" атмайданынын авариялык имаратын, ошондой эле бул аймакта жайгашкан башка имараттарды, курулмаларды бузуу;
2) атмайдандын жаңы комплексин долбоорлоо жана куруу боюнча ишти уюштуруу;
3) ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы N 714 токтомунун редакцясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
К.Боронов |