Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясынын
2023-жылдын 16-марты № 20-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын тургуну Кубанычбек уулу Искандарга Арык-Тейит айылынын чыгыш тарабынан Ак-Кыя сайынын жанынан 1,0 га таш майдалоочу цех (дробилка), 2,0 га таш-шагал алуу үчүн жалпы 3.0 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын тургуну Кубанычбек уулу Искандарга Арык-Тейит айылынын чыгыш тарабынан Ак-Кыя сайынын жанынан 1,0 га таш майдалоочу цех (дробилка), 2,0 га таш-шагал алуу үчүн жалпы 3.0 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 беренелерине таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын тургуну Кубанычбек уулу Искандарга Арык-Тейит айылынын чыгыш тарабынан Ак-Кыя сайынын жанынан 1,0 га таш майдалоочу цех (дробилка), 2,0 га таш-шагал алуу үчүн жалпы 3.0 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Эгер 3 жыл ичинде таш майдалоочу завод (дробилка) курулбаса токтом жокко чыгарылат.
3. Токтомду аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү, өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Ажибаев |