Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясынын
2023-жылдын 16-марты № 20-8
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынын Күнгөй тарабынан мазарга 3,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынын Күнгөй тарабынан мазарга 3,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынын Күнгөй тарабынан мазарга 3,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү, өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Ажибаев |