Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясынын

 

 

2023-жылдын 16-марты № 20-10

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2022-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жана тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2022-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жана тарифтерин угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймактарындагы “Ходжа-Арык” СПАсынын 2022-жылына карата жалпы өкүлдөр отчеттук жыйынынын 2023-жылдын 27-февралындагы №1 протоколуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2022-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.

2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча суугат суу пайдалануучуларга 1(бир) сотых жер аянтына 20(жыйырма) сомдон тариф бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчисине жүктөлсүн.

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев