Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясынын
2023-жылдын 16-марты № 20-11
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылына статус алууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылына статус алууга макулдук берүү жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылына статус алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Ажибаев |