Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын XVIII кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 26-августу  №18/19

 

  Кызыл-Зоо-Достук СПАсына тиешелүү  2005-жылы чыгарылган  Москвич ИЖ 2717  маркасындагы 1436 NA   автоунааны жеке менчикке  чыгарып берүүгɵ макулдук берүү  жɵнүндɵ 

 

           Кызыл-Зоо-Достук СПАсына тиешелүү  2005-жылы чыгарылган  Москвич ИЖ 2717  маркасындагы 1436 NA   автоунааны жеке менчикке чыгарып берүү жɵнүндɵ “Эделвейс”муниципалдык ишканасынын жетекчиси  Мамбеткулов Эрмек Эшимкановичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү  сессиясы токтом кылат:

1.   Жан-Булак айыл аймагына караштуу Кызыл-Зоо-Достук СПАсына 2005-жылы Москвич ИЖ 2717 маркасындагы 1436 NA   автоунаасы  ɵзүнүн  баалулугун жоготкондугуна байланыштуу , жеке баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен (Баалоонун жыйынтыгы тиркелет) Кызыл-Зоо-Достук СПАсында  кɵп жыл иштегty айылдын тургуну Абдыраманов Шүкүрбек Нышановичке  жеке менчикке чынарып берүүгɵ макулдук берилсин.

2.   Бекитилип берилген  техиканын тиешелүү  документтерин даярдап  берүү жагы “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын жетекчисине тапшырылчын.

3.   Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл ɵкмɵттүн башчысы У.Боскунчиеге милдеттендирилсин

 

 

 

 Төрага

 

Б. Ормокеев