Редакцияот 26.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аманбаев айылдык аймактык кенешинин VII чакырылышынын 21-сессиясы

 

2021-жылдын 26-январы № 2

Аманбаев айылдык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн жер адиси К. Тургуналиевдин маалыматын угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл айыл өкмөтүнүн жер адисинин маалыматы кабыл алынсын.

2. Аманбаев айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын  көчөлөрүндөгү   тиешелүү менчигинен ашык участоктор такталып, кезекте турган жарандарга бир жолку берилүүчү участок катары берилсин.

3. Суулуу-Маймак айылындагы К-301 код6-01-01-0008-0683 номери менен берилген жер тилкесинен, кезекте турган жарандарга бир жолку берилүүчү жер участогу бөлүнүп берилсин.

4. Аманбаев айыл өкмөтүнүн карамагында турган  К-547 жер аянтынан,  кайракы 41,7 га жер тилкесинин ичинен  20 га жер аянты кайракы жер үлүшү катары бөлүнүп берилсин.

5. Аманбаев айыл аймагынан үлүш жерлерин алган кээ бир жарандардын жер аянттары 2006-2009 жыл аралыкта өткөн системный каттодо белгисиз бир  себептер менен катталбай калган. Ошол пайдаланып жүргөн дыйкандардын жер үлүштөрүн  аныктоо, тактоолордун негизинде, айыл өкмөтүнө караштуу төмөнкү

К-1821; К-1711;  К-2232; К-1538 ;К-1671; К-1968; К-694; К-1245; К-1202;

К-1681; К-2158; К-2197; К-2261; К-2273; К-1969; К-1193; К-465; К-247;

К-249; К- 2188; К-1981; К-157; К-558; К-1998; К-822; К-731; К-779; К-1871;

К-1117;К-1927; К-1171; К-1472; К-1133; К-1186; К-1176; К-2222; К-1087;

К-1380; К-1158; К-1150; К-1151; К-1106  жер аянттары орун  алгандыгы аныкталгандыгына байланыштуу тиешелүү болгон иш кагаздары менен  мыйзамдаштырылып берилсин.

6. Токтомдун аткаруу жагы жер адиси К. Тургуналиевке милдеттендирилсин

7. Токтомдун аткаруу жагынын көзөмөлүн өзүмө калтырам.

 

Аманбаев айылдык аймактык

кеңешинин төрагасы

 

Нуралиев У.М.