Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын
2023-жылдын 24-апрели № 21-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу С.Бойдоновдун 2022-жылда аткаргаништери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу С. Бойдоновдун 2022-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктуна негиз,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу С.Бойдоновдун 2022-жылда аткарган иштери алымча кошумчасы менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн орун басары Бойдонов Сапарга 2022-жылда кетирген кемчилдиктери үчүн эскертүү берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Ажибаев |