Редакцияот 26.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аманбаев айылдык аймактык кенешинин VII-чакырылышынын 21-сессиясы

 

2021-жылдын 26-январы № 6

Аманбаев айылдык аймактык Кеңешинин  VII-чакырылышынын 21-сессиясы, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга, айылдык Кеңеште жооптуу катчы штаттык бирдиги ачылып жаткандыгын  карап жана талкуулап чыгуу менен:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кеңеште жооптуу катчы штаттык бирдиги ачылып жаткандыгына байланыштуу айылдык Кеңештин аппарат раздели (бөлүмү) ачылсын.

2. Кыргыз Республикасынын төмөнкү бюджеттик классификациясынын негизинде киреше жана чыгаша иштери жүргүзүлсүн:

-Ведомстволук классификациясы 92110-жергиликтүү башкаруу органдары (Кеңештер) аппарат.

-Функционалдык классификациясы 70111-Аткаруу жана мыйзам чыгаруучу органдар.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн Каржы экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кудайбергенов Н.О. милдеттендирилсин.

4.Токтомду аткарылышынын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Аманбаев айылдык аймактык

кеңешинин төрагасы

 

Нуралиев У.М.