Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX чакырылышы I сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры № 1-1

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин  төрагасын шайлоого карата  убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодогу бюллетендерди саноо жүргүзүүчү убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодогу бюллетендерди саноо жүргүзүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн:

 

Эсептөө комиссиясынын төрайымы:    Ы. Мөндүрбаева

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:       С. Пазылахунова

                                                                   Д. Албанова

 

2. Эсептөө комиссиясына Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодогу бюллетендерди саноо калыс, таза жүргүзүү жагы тапшырылсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

Б. Омокоев