ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 1
Административдик аймактык реформа жөнүндө
Папан айылдык кеңеши, Папан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-сентябрындагы административдик аймактык реформа боюнча чыгыш №01-19/223 сандуу катын угуп жана талкуулап Папан айылдык кеңеши токтом кылат
1.Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзулүшүн өркүндөтүү боюнча, Кыргыз Республикасынын айылдык аймактар деңгээлинде жүрүп жаткан административдик аймактык реформанын жүрүшүшүнө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Тагаев |