Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX чакырылышы I сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры № 1-2

 

Ат-Башы  айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрайымынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын,Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинжетекчиликке алуу менен айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              «Ат-Башы  айыл аймагынын айылдык кенеши”  мекемесинин төрагасы болуп Мелис уулу Улукбек шайлангандыгы белгиленсин;

2. Төрага Мелис уулу Улукбектин шайлангандыгы тууралуу Нарын облусунун юстиция башкармалыгына маалымдалсын.

 

Төрага

Б. Омокоев